Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-майда Кыргызстандын бир катар аймактарында болгон катуу шамалдын чыгымдарын тактап жатат. Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, ылдамдыгы секундуна 23 метрге чейин жеткен шамал Жалал-Абад жана Нарын облустарында турак-жайлардын жана социалдык мекемелердин чатырларын учурган. Адамдар жабыркаган эмес.
Талапка ылайык, эгер шамалдын ылдамдыгы секундуна 35 метрден ашса, өзгөчө кырдаал жарыяланат. (SE)