Президент Трамп климаттын өзгөрүүсү боюнча кабыл алынган Париж келишимин талкуулоого “ачык” экенин коргоо министри Жеймс Мэттис 28-майда СВS телеканалына берген маегинде айтты.
27-майда Трамп Твиттер баракчасына “Париж келишими боюнча акыркы чечимди кийинки аптада кабыл алам” – деп жазган.
АКШ президенти өткөн аптада Брюссел менен Италияда дүйнөлүк лидерлер менен жолугушууда бул маселени талкууланган.
“Мен Брюсселде айрым талкууларда отурдум, климаттын өзгөрүүсү боюнча маселе каралганда президент оюн ачык айтты” – деди Мэттис.
Трамп Европа сапарында Кошмо Штаттардын 2015-жылы жетишилген Париж келишимине кошулуусун колдогон эмес.
27-майда жарыяланган коммюникеде Британия, Канада, Франция, Германия, Италия жана Жапония келишимдин ишке киришине “бекем колдоо” көрсөтөрүн билдиришкен.
Трамп экс-президент Барак Обама киргизген климаттын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү боюнча чектөөлөрдү жойгон буйрукка кол койгон.