Орусия МС-21 жүргүнчү учагын сыноодон өткөрдү

MС-21 учагы

28-майда Орусия жүргүнчү ташуучу орто магистралдуу MС-21 учагын сыноодон өткөрүп, батыштык атаандаштары менен авиациялык коомчулукту таң калтырды. Бул орустардын постсоветтик замандагы алгачкы 6000 километрге чейин жолду багындырчу ушундай типтеги жүргүнчү учагы.

Орус бийликтери 163төн 211ге чейин жүргүнчү батырган MС-21 жергиликтүү жана эл аралык базарга ылайыкташканын, мындай үлгүдөгү батыштык учактар менен атаандаш боло аларын билдирет.

Иркутс авиазаводунда жыйналган MС-21-300 учагын 30 мүнөт абада сыноо алдын ала жарыяланган эмес.

Учактын сыноосу тууралуу алгачкы кабар социалдык сайттарда тарап, андан соң вице-премьер-министр Дмитрий Рогозин Фейсбукта окуяны бышыктады.

Орусиянын жүргүнчү ташуучу учагын сыноо Кытай "Боинг" менен "Эйрбаска" атаандаш С919 учагын чыгаргандан бир айдан кийин болду.