Исаков: Шайлоодо басым жасалган жок

Музаффар Исаков.

Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаков "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, Жалал-Абад шаарындагы шайлоодо кысым көрсөттү деп айтылгандарды четке какты:

- Менин бир тууганым ошол участкага катталган экен. Ал шайлоого катышканча деп чогуу баргам. Имарат ичине кирсем "Ата Журт" жана "Республика" партияларынын ишенимдүү өкүлдөрү өз ара айтышып жаткан экен. Буга эч ким көңүл бурбай жатат деп мага айтышканынан ошол добушкананын төрайымына талашып жаткандарды сыртка чыгарып башкалар менен алмаштырууну сунуштагам.

Буга чейин шаардагы №2115 шайлоо участкасында Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Музаффар Исаковдун комиссия мүчөлөрү менен талашып жатканы тартылган видео интернетке тараган. Байкоочулар депутат шайлоо комиссияларына басым көрсөтүп жаткандыгын айтып чыгышкан.

Бүгүн 41 жергиликтүү кеңешке кезектеги жана мөөнөтсүз шайлоо өтүп жатат. (RsK/NT)