БШК: шайлоого чейин жети арыз түштү

Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байланыштуу бүгүн БШКда "ишеним телефону" иштеп жатат. Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришкендей, 1255, 62-62 55, 62-02-40 телефондору боюнча жарандар маалымат бере алышат. Адистер элдин суроолоруна ушул номурлар аркылуу жооп беришип, шайлоо участкаларындагы укук бузуулар жөнүндө маалыматтар кабыл алынууда.

Шайлоого чейин БШКга жети арыз түшкөн. Анын үчөө аймактык шайлоо комиссиясынын аракетине, бири добушту сатып алуу аракети, үчөө мыйзамдын айрым ченемдерин түшүндүрүүгө байланыштуу келген даттануулар.

Боршайкомдун билдиришинче, Мамлекеттик каттоо кызматы “Өзүңдүн шайлоо участогуңду акысыз SMS-билдирүү аркылуу билип ал” жаңы интерактивдүү тейлөө кызматы киргизген. Ага ылайык, “119” кыска номерине ар бир адам өзүнүн ПИН кодун (14 сандагы жеке идентификациялык номер) жиберсе, система шайлоочунун кайсы участокко кире турганын автоматтык түрдө айтып берет.

Өткөн шайлоолордо айрым шайлоочулар манжаларынын изи боюнча биометриялык идентфикациялоодон өтпөгөндүктөн добуш бере албай калышкан. Бул ирет шайлоочуну жүзүнүн биометриялык параметри боюнча идентификациялоо (камераны колдонуу аркылуу) мүмкүнчүлүгү киргизилгени айтылды. (NT)