Трамп Орусиядан тараган коркунучту башкы маселе катары кароого чакырды

АКШ президенти Доналд Трамп жана НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп НАТОго мүчө мамлекеттердин лидерлерин террорчулукка каршы күрөшүү үчүн дагы көбүрөөк аракет жасап, миграция жана Орусиядан тараган коркунучту башкы маселе катары кароого чакырды.

- Келечектеги НАТО террорчулукка жана миграция маселесине, ошондой эле Орусиядан тарап жаткан коркунучтарга, НАТОнун чыгыш жана түштүк чек араларына көңүл бурушу керек, - деди Трамп 25-майда НАТОнун Брюсселдеги баш кеңсесинде сүйлөп жатып.

Бир кезде аскерий альянсты "эскирген" деп мүнөздөгөн Трамп дагы бир ирет уюмга мүчө мамлекеттер коргонууга бөлгөн каражатты көбөйтүп, толук салым кошуусу керек деген талабын кайталады.

- Бул Кошмо Штаттардын элине жана салык төлөөчүлөрүнө карата адилетсиздик. Эгер НАТОго мүчө өлкөлөр толук салым кошсо, уюм бүгүнкүдөн да күчтүүрөөк болмок, өзгөчө террорчулук коркунучун алганда, - деди Трамп.

Учурдагы эсептер боюнча НАТО чыгымынын 70% Кошмо Штаттар көтөрөт.

Коргонуу үчүн кеминде ички дүң өнүмдүн 2% жумшалсын деген эрежени былтыркы жылдын жыйынтыгы менен Британия, Польша, Эстония, Греция гана аткарган, Латвия, Литва, Румыния буга бир аз жакындаган.