Алмазбек Атамбаев БАЭнин тышкы иштер министрин кабыл алды

Бүгүн, 24-майда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга иш сапар менен келген Бириккен Араб Эмирлигинин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла Нахайянды кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушууда кыргыз-эмират кызматташтыгынын, эки тараптуу түзүлгөн келишимдерди ишке ашыруунун актуалдуу маселелери талкууланды. Олуттуу багыттар, атап айтканда, соода-экономикалык чөйрөдө биргелешкен иштерди жандантуунун мааниси белгиленди. Президент Алмазбек Атамбаев Шейх Абдалла Нахайяндын Кыргызстанга расмий визити мамилелердин андан ары жанданышына түрткү берип, өлкөлөр ортосундагы өз ара аракеттерди тереңдетүүгө жол ачарына ишенерин билдирди.

Шейх Абдалла бин Зайед Аль Нахайян жылуу тосуп алганы жана жолугушууга шарт түзгөндүгү үчүн президент Атамбаевге ыраазылыгын айтты. Ал Бириккен Араб Эмирлигинин тиешелүү мекемелери эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты жандантуу боюнча пландарды ишке ашыруусуна ишендирди. (ZKo)