Кыргызстанда кечээ күнкү катуу жамгырдын айынан жабыркаган аймактарда тазалоо иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Жалал-Абаддын Каныш-Кыя айылында Чаткал дарыясынын деңгээли көтөрүлүп, Айгыр-Жал – Каныш-Кыя унаа жолунун 61-чакырымында унаа өтүүчү көпүрөнү жууп кеткен. Арал айылында Авлетим дарыясынын сол жээгин жеп кетүү коркунучу сакталып турат.
Ош облусунда Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там унаа жолунун 42,47-чакырымдарында сел агындылары түшүп, унаа жолду тосуп калган.
Баткенде Кызыл-Булак – Тамаша унаа жолунда 40 метр аралыгында сел жүрүп, жол каттамы токтоп калып, азыркы тапка карата жол толугу менен тазаланып ачылды.
Чүйдө Алмалуу айылында 6 үйдүн короо жайына арыктан аккан суу ашып кирген, Кызыл-Суу айылындагы 2 кашардын короо жайын суу каптаган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 24-майдан 29-майга чейин туруксуз аба ырайы сакталып турарын эскертүүдө. (RK)