Депутат Алмамбет Шыкмаматовдун соту болот

Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматовго козголгон кылмыш иши боюнча соттук териштирүү 24-майда Биринчи Май райондук сотунда уланат. 15-майда башталган соттук жараян жактоочунун бош эместигинен улам бүгүнкүгө жылдырылган. Ишти судья Эрнис уулу Айбек кароодо.

Алмамбет Шыкмаматовго «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда аялына таандык автоунааны тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан» деген айып тагылып келет. Депутатка кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында баш коргоо чарасынын эч жакка кетпөө түрү каралган.

Алмамбет Шыкмаматов бул айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп эсептейт. (ZKo)