Коомдук ишмер Жыпар Жекшеев Коомдук телерадиокорпорациясынын Байкоочу кеңешинин башчысы болуп шайланды. Жалгыз талапкер катары көрсөтүлгөн Жекшеевди кеңештин 15 мүчөсүнүн баары бир добуштан колдоду. Бул тууралуу Байкоочу кеңештин мүчөсү Азамат Болгонбаев “Азаттыкка” кабарлады.
26-апрелде Жогорку Кеӊеш Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин жаӊы курамын бекиткен. Талапкерлерди өлкө президенти, Жогорку Кеӊеш жана коомдук уюмдар көрсөтөт.
КТРКнын Байкоочу кеӊеши 15 адамдан турат, ал беш жылдык мөөнөткө бекитилет. Бул жолу президент 10 талапкер, Жогорку Кеӊеш 5 жана жарандык коом 16 талапкер көрсөткөн. Мыйзамга ылайык, алардын ар биринен бештен өкүл шайланууга тийиш.
Жыпар Жекшеевди президент сунуштаган. (KЕ)