Трамп Израилге эки күндүк иш сапар менен барды

АКШ президенти Доналд Трамп жана биринчи айым Мелания Трамп. Тель-Авив, 22-май.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп Израилге эки күндүк сапары менен келди. Тель-Авивдин аэропортунда сүйлөп жатып, Трамп АКШ менен Израилдин ортосундагы "кебелбес байланышты бекемдөөнү" кааларын айтты.

- Эми биз аймактагы калктар ынтымакта болгон келечекти куруу үчүн бирге кызматташуубуз зарыл. Азыр бизде аймактагы коопсуздукту, туруктуулукту жана ынтымакты бекемдөө үчүн сейрек мүмкүнчүлүк бар, - деди Трамп.

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Трампка "Израилге көрсөткөн кубаттуу колдоосу" үчүн ыраазычылык билдирип, Трамп биринчи тышкы сапарынын маалында Тель-Авивге келген Кошмо Штаттардын алгачкы президенти экенин белгиледи.

Israel Hayom басылмасына курган маегинде АКШнын Израилдеги элчиси Дэвид Фридман азыркы тапта Трамптын сапарынын максаты "тынтчыкка алып келе турган талкуу баштоо" экенин айткан.

Кошмо Штаттардын президентинин сапарын утурлай Израил палестиналыктар үчүн буга чейин Трамп суранган экономикалык жеңилдиктерди киргизди.