Салянованын соту 29-майга которулду

Аида Салянова

Бүгүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин депутаты, “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Аида Саляновага байланыштуу ишти 29-майда кароо чечимин кабыл алды. Ага адвокаттын келбей калганы себеп болду. Бул маалыматты “Азаттыкка” Салянова өзү ырастады.

- Адвокаттын Ысык-Көлдө отуруму бар экен. Ал сотту жылдыруу боюнча өтүнүп кайрылган. Сот аны колдоду.

Депутатка Башкы прокуратура былтыр декабрь айында кылмыш иш козгогон. Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылган.

Салянова 2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеевдин адвокаттык лицензиясын мыйзамсыз узарткан жана бул ишти кароодо министрдин милдетин аткаруучу катары жетиштүү деңгээлде иликтеген эмес деп айыпталган.

Бирок Аида Салянова өзүнө карата козголгон кылмыш иш боюнча тергөө мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып келатат. (КЕ)