Кыргыз өкмөтү чет өлкөлүк жана жергиликтүү инвесторлорго 14 чакан электр станциянын долбоорун сунуштап, бардык шартты түзүүнү убада кылууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Өнөр жай, энергетика, жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитеттин бөлүм башчысы Эрмек Абдувалиев билдирди. Каалоочулар 6-июнга чейин арыз жазып, кепилдик акы жана катышуу үчүн каражатты төлөшү керек. Негизги талап курулуш иштерине жергиликтүү тургундарды көбүрөөк тартуу. Анда иштеген чет элдик адистер ГЭСти ишке берүүгө чейин 30 пайыздан, ишке киргенден кийин 10 пайыздан ашпашы керек.
Буга чейин премьер-министр Сооронбай Жээнбеков чакан ГЭСтерди курууга инвестиция тартуу кечеңдеп жатканын жана инвесторлор чакан ГЭСтерди курууга электр энергиянын баасы кеминде 4,7 сом болсо гана макул экендиктерин билдирген. Өткөн жылы өкмөт Чехия менен 16 чакан ГЭСти куруу боюнча келишим даярдалып жатканын жар салган эле. (КЕ/BkA)