Бишкекте үй-бүлөнү пландоо маселеси талкууланат

22-майда өтө турган тегерек үстөл Саламаттыкты сактоо министрлиги жана БУУнун калкты жайгаштыруу фонду тарабынан уюштурулууда. Анда үй-бүлөнү пландоо маселеси, бойго бүтүрбөөчү каражаттарга байланыштуу суроолор каралат.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бир нече жылдар бою Кыргызстан Улуттар уюмунун калкты жайгаштыруу фондунун колдоосунда бойго бүтүрбөөчү каражаттар менен жакыр жашаган үй-бүлөлөрдү бекер камсыздап келген. Аталган фонд эми сактануучу каражаттар мурдагы көлөмдө берилбесин эскертүүдө. Буга байланыштуу министрлик бир нече жолу парламентке кайрылып, бул кенемтени толтуруунун жолдорун сунуштап келет.

Бүгүнкү иш-чарага өкмөттүн, парламенттин жана президенттик аппараттын өкүлдөрү чакырылган.