Сирияда козголоңчулар Хомс шаарынан чыгып кетти

Ал-Уэрден эвакуацияланган козголоңчулар Алеппого кире бериште.

Хомс шаарынын акыркы аймактарынан козголоңчулар 21-майда чыгып кетти. Асаддын өкмөтү менен козголоңчулардын ортосундагы келишимге ылайык, шаар толугу менен президент Башар Асаддын көзөмөлүнө өттү. Хомстун Ал-Уэр районунан 700 аскер үй-бүлөлөрү менен, жалпысынан үч миң киши эвакуациянын акыркы этабында кетишти.

Хомс шаары башында Башар Асаддын бийликтен кетүүсүн талап кылган көтөрүлүштүн борбору болуп турган.

Акыркы айларда миңдеген козголоңчулар үй-бүлөлөрү менен Сириянын батышынан кетишти. Мындан ары өлкөнүн негизги аймактарын Асад көзөмөлдөйт.

Оппозиция бул келишимди "аргасыз көчүү" деп сындады. Козголоңчулар негизинен Идлиб провинциясын жана Түркия менен чектешкен Жарабус шаарынан кетишти.