Түндө "ойгонгон" музейлер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бишкекте салтка айланып калган “Музейдеги түн” аттуу социалдык-маданий акция өттү. Мында кечки саат алтыдан түнкү 12ге чейин Бишкектеги 12 музей жана арт-аянтча шаардыктарга жана конокторго өз эшигин ачып, ар бири ар башка программаларды, көргөзмө, мастер-класстарды тартуулашты. Иш-чараны OYOUM group чыгармачыл тобу Бишкек мэриясы менен биргеликте уюштурду.