Алишер Усманов "Арсенал" үчүн 1,3 млрд доллар сунуштады

Орусиялык миллиардер Алишер Усманов лондондук “Арсенал” футбол клубуна 1 миллиард, 300 миллион доллар сунуштады.

Financial Times гезитине белгилүү болгондой, Усманов бул сумманы апрель айында клубдун 67% акциясына ээлик кылган ишкер Стэн Кронкко сунуштаган. Усманов “Арсеналдын” директорлор кеңешине кирбесе да, клубдун 30% акциясынын ээси.

"Интерфакстын” гезитке шилтеме берип жазышынча, Кронке сунушту кабыл албасын билдирген.

Апрель айында Усманов Financial Times гезитине берген маегинде “Арсеналдын” кожоюндарын футбол командасын өнүктүрүүгө инвестиция салбайт деп сындаган.

Акыркы 20 жылда “Арсенал” Англия чемпиондугунда 4-орундан түшө элек, бирок 2004-жылы өткөн англиялык премьер-лигада да жеңген эмес.