Чехия: ишкерлер суктанган уй ферма

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Кыргызстандан келген ишкерлер Чехиянын Высочина крайындагы уй фермасына, сүттү кайра иштеткен заводго барышты. 3500 гектар жерге ээлик кылган кооперативдик фермада 550 саан ую, дагы ошончо музоосу бар. Бир уй күнүнө орточо 35 литр сүт берери эсептелген. Арасында андан аз сүттүүлөрү, генетикалык мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу 70 литрге чейин сүт бергендери да бар.