Айдаралиев: 106 миңден ашуун жаран Орусиянын "кара тизмесинде"

Орусиядагы мигранттар.

Быйылкы жылдын аягына чейин 43 миң кыргызстандык Орусиянын «кара тизмесинен» чыгарылууга тийиш. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Медетбек Айдаралиев парламенттеги КСДП фракциясынын жыйынында билдирди:

- Быйыл жыл башындагы маалымат боюнча 106 миӊден ашык адам «кара тизмеде» бар. Алардын саны 2016-жылга салыштырмалуу 4195 кишиге азайган. Анын ичинде 51 миӊ жаранга сот аркылуу тыюу салынган. Эми жыл аягына чейин дагы 43 миӊ жарандын «кара тизмедеги» үч жылдык депортациялоо мөөнөтү аяктоого тийиш.

Социал-демократтар фракциясы бүгүн өкмөттүн миграция саясаты боюнча маалыматын укту.

2013-жылы Орусия бийлиги миграция мыйзамдарын бузган чет элдик жарандардын тизмесин түзгөн. Ага кирген жарандарга ар кандай мөөнөттө Орусияга кирүүсүнө тыюу салынат. (NT)