Орозо күнү 25-майда аныкталат

Бишкектеги борбордук мечит. (Архив)

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Атабаев "Азаттык" радиосуна билдирди.

Анын айтымында, Рамазан айынын качан башталары 25-майда белгилүү болуп, элге жарыяланат.

Буга чейин муфтият быйыл орозо болжолдуу түрдө 27-майда башталарын жарыялаган. Рамазан айынын башталышы айдын чыгышына жараша аныкталат, бир күн айырмаланышы мүмкүн.

Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Орозо Айт майрамы менен жыйынтыкталат. ​(NT)