Иранда бүгүн президенттик шайлоо өтөт

Раиси жана Роухани.

Иран Ислам Республикасында бүгүн президенттик шайлоо өтөт.
Негизги жарыш азыркы өлкө башчысы Хасан Роухани менен белгилүү диниятчы Эбрахим Раисинин ортосунда болору күтүлүп жатат.

Жалпысынан тактыга төрт талапкер ат салышууда. Саясий серепчилердин баамында, бул жолку добуш берүү Тегерандын өзөктүк программасы боюнча келишим үчүн да сыноо болот.

Бул шайлоонун мурдагы добуш берүүлөрдөн өзгөчөлүгү - талапкерлердин социалдык тармактардагы үгүт иштерине басым жасаганы болду.