Бишкекте алгачкы жолу “Музейдеги түн” аттуу социалдык-маданий акция өтөт. 20-майда кечки саат алтыдан түнкү 12ге чейин Бишкектеги 12 музей жана арт-аянтча шаардыктарга жана конокторго өз эшигин ачат. Бишкек мэриясынан кабарлашкандай, алардын ар бири ар башка программаларды, көргөзмө, мастер-класстарды тартуулашат.
Иш-чараны OYOUM group чыгармачыл тобу Бишкек мэриясы менен биргеликте уюштуруп жатат. (КЕ)