АФК-2017: "Дордой" Истиклолго, "Алай" "Алтын Асырга" утулду

Ак шумкар кыргыз футболуна сүрөөнчү катары сыпатталат.

17-майда Азиянын футбол конфедрациясынын 2017-жылдагы кубогунун тайпалык оюндарынын 5-турдагы оюндары өттү. Бул күнү Кыргызстандын вице-чемпиону "Дордой" клубу Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Тажикстандын чемпиону "Истиклол" командасын кабыл алып, 1:4 эсебинде утулду.

Ал эми Түркмөнстандын Балканабад шаарында "Алтын Асыр" клубу менен Кыргызстандын чемпиону Оштун "Алай" командасы беттешип, 4:1 эсебинде талаа ээлери жеңди.

Беш турдагы оюндардан кийин D тобунда бир учурда "Истиклол" жана "Алтын Асыр" клубу 13 упай топтоп көч башында. "Дордой" клубунда үч упай бар. "Алай" эсебинде упай жок. Бул квартеттин жеңүүчүсү 31-майда боло турган оюндарда белгилүү болот. Бул күнү "Истиклол" клубу Дүйшөмбү шаарындагы Борбордук стадионунда Түркмөнстандын "Алтын Асыр" клубун кабыл алат. Ош шаарындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо "Алай" менен "Дордой" ойнойт. Тайпанын лидери АФК-2017 кубогундагы мелдештерин улантат. (ECh)