Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, карусель кырсыгынан жабыркаган үч адам Ош шаардык клиникалык ооруканасында жатат. Баарынын абалы туруктуу. 8, 22 жана 37 жаштагы бул адамдар башынан, денесинен ар кандай жаракат алышкан. Бүгүн кырсыктан жабыркаган дагы бир 11 жаштагы кызга амбулатордук медициналык тейлөө көрсөтүлгөн.
14-майда кечки саат бештерде Оштогу Навои эс алуу багында карусель кулап, расмий кабарга ылайык, сегиз киши жабыркаган. Анын төртөө ооруканага түшкөн болчу, калганына медициналык жардам берилип, үйлөрүнө чыгарылган.
Окуя боюнча шаардык милициянын тергөө бөлүмү Кылмыш кодексинин 142-беренесинин 2-пункту (эмгекти коргоо эрежелерин бузуу, техникалык коопсуздукту сактабоо) боюнча кылмыш ишин козгогон. (NT)