“Чындыкты сүйлө” кыймылы расмий макамга жети жылга созулган аракеттерден кийин гана ээ боло алды.
Кыймылдын теңтөрайымы Татьяна Караткевич 16-майда Минсктен кабарчыларга билдиргендей, алардын 2010-жылдан берки жетинчи аракети гана ийгиликтүү аяктады.
2015-жылкы шайлоодо президент Александр Лукашенкого атаандаш болгон Караткевичтин айтымында, бийликтер катталуу документтерин берип жатып, кыймылдын лидерлерине “Беларустун мыйзамдарын бузбоону” да эскертти.
“Чындыкты сүйлө” кыймылы расмий каттоосу жоктугуна карабай активдүү иш жүргүзчү.
Беларусту 1994-жылдан бери башкарып жаткан Александр Лукашенко мезгил-мезгили менен репрессияларын басаңдатып калат жана анын бул кадамы Батыш менен мамилени жакшыртып, Орусияга көз карандылыкты азайтуу аракети иретинде каралып келет. (UE)