Кытай элчилигиндеги теракт боюнча сот бүгүн уланат

Жардыруу болгон күнү тартылган сүрөт. 30-август, 2016-жыл.

Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинин имаратындагы жардырууга тиешеси бар деп айыпталып жаткан адамдардын соту бүгүн уланат. Эки апта мурун Бишкектин Биринчи май райондук сотунда күбөлөр көрсөтмө берген. Бүгүн башка күбөлөр суралат. Ушул убакытка чейин отурумдарга 23 күбө чакырылган.

Теракт боюнча алгач алты киши шектелген. Кийинчерээк үчөөнүн иши далил жетишпегенине байланыштуу кыскарып, үч адамга айып тагылган. Алар терактты уюштурууга каржылык көмөк көрсөттү деп күнөөлөнүүдө.

2016-жылы 30-августта Кытайдын Кыргызстандагы элчилигинде жанкечти жардыруу жасап, өзү набыт болгон, элчиликтин үч кызматкери жараат алган. Окуя боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети кылмыш ишин козгогон. (SE)