Чоң-Алайга талапка жараша жардам көлөмү көбөйөт

Жер силкинүүдөн улам жарактан чыккан үйлөрдүн бири

Чоң-Алайда жер силкинүүдөн жабыркагандарга арзандатылган баада берилип жаткан курулуш материалдарынын көлөмү тургундардын суранычы менен көбөйүшү мүмкүн. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Жумамидин Сулайманкулов "Азаттык" радиосуна билдиргендей, Кызыл-Кыя цемент заводунан 2000 тонна цемент алууга келишим түзүлдү. Баасы 5 сом 10 тыйындан болот. Ал эми базардагы наркы 5 сом 70 тыйын. 16-майда биринчи партия менен 120 тонна, экинчи партияда 80 тонна жөнөтүлдү.

Материалдар Кара-Тейит, Карамык, Жекенди жана Шибээ айылдарына таратылууда. Андан тышкары обладминистрация 10 тонна азык-түлүк, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги баш калкалоочу чатырларды гуманитардык жардам катары берди.

Чоң-Алай районунда 3-5-май күндөрү күчү 7 баллга чейин бир канча жер силкинүү катталган. Жүздөгөн үйлөрдөн жарака кетип, авариялык абалга кептелген. Жер титирөөдөн Баткен облусунун Кадамжай районунда да ондогон турак жайларга жарака кеткен. (SE)