Максим Бакиев жана аны менен кошо айыпталгандарга өкүм чыкты

Максим Бакиев.

Бул тууралуу Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Бишкектин Биринчи Май райондук соту 12-майда мамлекеттик айыптоочу - райондук прокурордун жардамчысынын жана айыпталуучулардын жактоочусунун катышуусунда мурда сырттан соттолгон экс-президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев, “Манас Банктын" акционери, латвиялык ишкер Валерий Белоконь, орусиялык Евгений Вербицкий, латвиялыктар Анита Лася, Юрий Качнов, Улуттук Банктын мурдагы төрагасы Марат Алапаев, кыргызстандыктар Сергей Костырин, Чолпон Иманалиевага байланышкан ишти карап өкүм чыгарды.

Ага ылайык, Максим Бакиев Кылмыш кодексинин 30-беренесинин 4-6-бөлүмдөрү, 303-берененин 2-бөлүмү,183-берененин 3-бөлүмү менен күнөөлүү деп табылып, аны өмүр бою эркинен ажыратуу тууралуу райондук соттун 2016-жылдын 21-сентябрдагы өкүмү күчүндө калды. Бакиевге 50 эсеп көрсөткүчү өлчөмүндө айып пул салынып, мүлкүн конфискациялоо, жаза мөөнөтүн өзгөчө тартиптеги колонияда өткөрсүн деген чечим чыгарылды. Ал эми Валерий Белоконь, Евгений Вербицкий, Анита Ласяга күчөтүлгөн тартипте 20 жылдан берилди, Марат Алапаев 25, Чолпон Иманалиева сырттан 7 жылга соттолду.

Максим Бакиев жана аны менен бирге айыпталгандар коррупция жана Кыргызстандын компанияларынан уурдаган деген айып менен буга чейин сырттан соттолушкан.

Максим Бакиев 2010-жылы бийликтен кулатылган президент Курманбек Бакиевдин кенже уулу. Ал атасы бийликте турган учурда Инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттикти жетектеп, өлкөдөгү таасирдүү адамдардын бири катара сыпатталып келген. Апрель ыңкылабынан соң жемкордук, мамлекеттин каржысына мыйзамсыз ээлик кылуу, киши өмүрүнө кол салууну уюштуруу жана башка оор беренелер боюнча сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. Ал Лондондон башпаанек алган. Кыргыз бийлигинин Максим Бакиевди экстрадициялоо аракетинен майнап чыкпай келет. (NT)