Атамбаев: Санариптик Жибек жолун курууну колдойбуз

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Бээжинде өтүп жаткан "Бир алкак - бир жол" эл аралык форумунда бүгүн, 15-майда Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев сөз сүйлөдү. 14-майда башталган экономикалык форумга 20дан ашуун өлкө лидерлери, 110 мамлекеттин өкүлдөрү жана БУУнун баш катчысы Антониу Гутерреш катышууда. Анда Кытай сунуштаган Жаңы жибек жолу долбоорун ишке ашыруу талкууланып жатат.