Кытай лидери “Бир алкак - бир жолдун” келечегине ишенет

“Бир алкак - бир жол” саммитине чогулган лидерлер. Бээжин, 15-май, 2017-жыл.

Си Цзиньпин Бээжинде эки күнгө созулган самиттин соңунда эгер ага тартылган тараптардын баары биргелешкен аракет көрсө “Бир алкак - бир жол” планы “тынчтыкка жана бакубатчылыкка” алып барат деп ырастады.

Кытай лидеринин айтымында, саммитте Бээжиндин демилгеси дүйнөлүк экономиканын ачыктыгын, глобалдашуунун тең салмактуулугун камсыздап, сооданын либералдашуу багытында иштейт деген кеңири консенсус да жетишилди. Бирок, ал бул үчүн али узак жолду басып өтүү талап кылынарын да эскертти.

Азия, Европа, Африканын Бээжинге чогулган 30дай өлкөсүнүн лидерлерине жана расмийлерине кайрылып, Си Цзиньпин аларды “кеңири ачыктыкты жана кызматташтыкты” көздөөгө, глобалдык экономикалык өсүш үчүн “протекционизмди четке кагууга” үндөдү.

- Бизде өнөктөштүк духу болушу керек. Өлкөлөр өз ара байланышып, глобалдык коркунучтар такай чыгып жаткан шартта, бир да мамлекет мындан сырта кала албайт, дүйнө кириптер болгон көйгөйлөрдү жеке өзү чече албайт.

Бээжин демилгелеген “Бир алкак - бир жол” планы Кытайдын соода жана геосаясаттагы таасирин күчөтө алат деп болжолдонот.

Бүгүн президент Си Цзиньпин Кытайды Африка, Азия, Европа менен темир жана кара жолдор, порттор, индустриялдык парктар аркылуу байланыштырууну караган план үчүн кошумча 124 миллиард доллар бөлүүнү убада кылды.

АКШ президенти Дональд Трамп эл аралык соода келишимдердин пайдалуулугунан күмөн санап жаткан шартта Кытай азыр өзүн эркин сооданын коргоочусу катары көргөзүүдө.

Трамп быйыл январда кызматка киришкенден кийин эле АКШны Транс-Тынч океан өнөктөштүгү соода келишиминен чыгарууну караган жардыкка кол койгон. (UE)