Тиешелүү чечимди бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Буга парламенттеги "Ата Мекен" фракциясынын депутаты Алмамбет Шыкмаматовдун адвокаты Чынара Жакыпбекова УКМКда болгондуктан келе албай калганы себеп болду.
Сот алгачкы жараянды бүгүнкүгө белгилеген эле.
Алмамбет Шыкмаматовго 2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турган кезде өз аялына таандык автоунааны тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан деген айып тагылып, Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча иш козголгон.
Депутат өзүнө кылмыш иш козгоого негиз жоктугун айтып келет. (NT/EBM)