Казакстанда жарандык активист бычак жеп ооруканага түштү

Рамзан Есергепов

14-май күнү эртең менен Казакстандын Жамбыл облусундагы Чу шаарында “Оор абалдыгы журналисттер” фондунун башкармалыгынын төрагасы, жарандык активист жана журналист Рамзан Есергеповго белгисиз бирөөлөр кол салып, бычактап кетишкен. Анын кесиптеши Розлана Таукинанын басылмаларга айтканына караганда, ичинен бычак жеген Есергепов ооруканага жеткирилди. Абалы оор экени айтылууда. Маалыматка караганда, Есергепов Литва элчиси жана февралда камалган оппозициялык журналист Жанболот Мамайдын иши боюнча эл аралык эксперт менен жолугушуу үчүн Алматы-Астана поезди аркылуу баш калаага бараткан.

Милиция окуя боюнча тергөө иштерин баштады. (КЕ)