Eurovision-2017 ыр таймашында Португалия жеңди

Сальвадор Собрал.

Eurovision-2017 эл аралык ыр таймашында португалиялык ырчы Сальвадор Собрал жеңди. Ал жарышка Amar Pelos Dois деген ыр менен катышты.

13-май күнү Украинанын Киев шаарындагы Эл аралык көргөзмө борборунда популярдуу шоу сынактын финалы болду. Жыйынтыгында 758 упай менен Португалия биринчи орунду ээлеп, ырчы жарыштын байгеси - хрусталь микрофонду алды.

Жеңүүчү көрүүчүлөрдүн добушу жана ар бир өлкөдөгү улуттук калыстар тобунун баасы менен тандалды.

Сынактын жыйынтыгында алдыңкы ондук төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

1.Португалия (758 упай),
2.Болгария (615 упай),
3.Молдова (374 упай),
4.Бельгия (363 упай),
5.Швеция (344 упай),
6.Италия (334 упай),
7.Румыния (282 упай),
8.Венгрия (200 упай),
9.Австралия (173 упай),
10.Норвегия (158 упай).

Быйыл таймашка 42 мамлекет катышып, 26 өлкөнүн ырчылары финалга чыккан. Биринчи жарым финал 9-майда, экинчи жарым финал 11-майда болгон.

Европа телерадиоберүү бирикмеси түптөгөн бул шоу 1956-жылдан бери жыл сайын уюштурулат жана кайсыл мамлекеттин өкүлү жеңсе, ыр жарыш кийинки жылы ошол өлкөдө өтөт.

2016-жылы Швециядагы таймашта украиналык Жамала жеңүүчү болгон.

Быйыл 1-орунду алган Португалия бул сынакка 1964-жылдан бери катышат, бирок бир да жолу жеңген эмес эле. (SE)