Айсулуу Тыныбекова экинчи жолу Азия чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова Рио-де-Жанейродогу Олимп оюндары учурунда

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн экинчи жолу Азия чемпиону аталды. Ушул күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан Азия чемпиондугунда Тыныбекова 58 килограммга чейинки салмакта килемге чыгып жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун сайтындагы маалыматка таянсак, ал чейрек финалда казакстандык Гүлшахарат Таласованы 10:0 эсебинде утту. Жарым финалда жапониялык Катсуки Сакагамини 6:4 эсебинде таза жеңди.

Финалда индиялык Сарита Сарита менен таймашып 6:0 эсебинде утуп чоңдор арасында экинчи жолу Азия чемпиону наамын жеңди. Былтыр дагы чемпион болуп Азия чемпиону болгон алгачкы кыргызстандык балбан кыз болгон.

Спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугу 10-майда башталган. Турнирдин алгачкы эки күнүндө болгон грек-рим күрөшү боюнча таймаштарында Нургазы Асангулов (71 кг.) жана Самат Шырдаков (80 кг.) коло медалды тагынышкан. Жалпысынан Азия чемпиондугуна Кыргызстандан 17 балбан барган. Бүгүн эркектер арасында эркин күрөштөн Улугбек Жолдошбеков (57 кг.) жана Магомед Мусаев (97 кг.) коло үчүн күрөшсө Муслим Евлоев алтын байге үчүн күчүн сынайт. (ECh)