Нургазы Асангулов Азия чемпиондугунун коло медалын тагынды

Нургазы Асангулов Азия чемпиондугунда. 11-май, 2017-ж. Нью-Дели. Индия.

Ушул күндөрү Индиянын Нью-Дели шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандык грек-рим күрөшчү балбан Нургазы Асангулов коло байгенин ээси болду.

Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайтындагы маалыматка таянсак, 11-майда 71 килограммга чейинки салмакта күч сынашкан Асангулов бул мелдеште жалпысынан үч беттеш өткөрдү. Чейрек финалда кытайлык Хужун Жангды 10:5 эсебинде жеңди. Жарым финалда ирандык Афшин Немат Биабангардга 5:4 эсебинде утулуп калды. Коло байге үчүн таймашта индиялык Деепак Деепакты 8:1 эсебинде утуп алды.

Азия чемпиондугунда буга чейин дагы бир грек-рим күрөшчү Самат Шырдаков коло медал тагынган. Ал биринчи мелдеш күнүндө 3-орун үчүн таймашта казакстандык Даниял Гажиевди утуп алган эле.

Спорт күрөшү боюнча Азия чемпиондугу 14-майга чейин уланат. 10-майда башталган грек-рим, эркин жана кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча Азия чемпиондугуна Кыргызстандан 17 балбан аттанган.

Грек-рим күрөшчүлөр Калы Сулайманов (59 кг.), Нурбек Абдуганиев (66 кг.), Бүргө Бейшеналиев (75 кг.), жана Асхат Бейшебеков (85 кг.) мелдештерин байгесиз жыйынтыкташты.

12-майда кыз-келиндердин эркин күрөшү боюнча күч сынашуулар өтөт. Бул күнү Кыргызстандын намысын Саяна Байызова (48 кг.), Розалия Тилегенова (53 кг.) жана Назира Марсбек кызы (55 кг.) коргойт. (ECh)