Чет элдиктерди опузалаган милиционерлер камакка алынды

Бишкекте чет элдик жарандарды коркутуп, акча талап кылган деген шек менен эки милиция кызматкери №1 Тергөө абагына эки айга камалды. Тиешелүү чечимди өткөн айда Ленин райондук соту чыгарган. Бул тууралуу шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Адыл Оморов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын маалыматына караганда, 29-мартта пакистандык жаран милицияга арыз менен кайрылып, Чүй көчөсүндөгү кафелердин биринен чыгып баратканда тартип сакчыларына телефонун тарттырып жибергенин айткан. Издөө иштеринин жүрүшүндө шектүүлөр аныкталып, бир кыз жана эки милиционер кармалган. Иликтөөдө алар негизинен чет өлкөлүктөрдү опузалап акча алып келгени ачыкка чыккан. Бир нече жабырлануучу аныкталып, алар кафелерде кыз менен таанышып, андан кийин мейманканага барышканын, ал жакта селки кыйкырып, телефон чалганын, бир нече убакыттан кийин милиционерлер келип чет элдиктерди кармаганын жана акча талап кылганын айтып беришкен.

Кармалган милиция кызматкерлеринин экөө тең 1990-жылы туулган. Бири ИИМдин Күзөт башкармалыгында, экинчиси Бишкек шаардык патрулдук милицияда иштеген.

Кылмышка катышы бар делип дагы бир тартип сакчысы изделүүдө. Ошондой эле Свердлов райондук милициясынын бир кызматкери күбө катары өтүп жатат. (NT)