АКШ: ТАССтын фотокабарчысынын сүрөт тартууга киргизилиши сынга кабылды

Дональд Трамп менен Сергей Кисляк.

Ал АКШ президенти Дональд Трамптын орусиялык дипломаттар менен протоколдук жолугушуусунун алдындагы сүрөт тартууга катышкан. ЦРУ башчысынын мурдагы орун басары Дэвид Коэн Сүйрү залга киргизилген сүрөтчүнүн аппаратында мини-видеокамера же тыңшоочу жабдыктар жашырылуусу ыктымалдыгын айтып, бул коопсуздук эрежелерин орой бузгандык экенин белгиледи.

Ак үй мындай сынды четке кагып, орусиялык сүрөтчү жана анын техникалары кылдат текшерүүдөн өткөнүн билдирди. Сынчылар бул коопсуздук эрежесин сактоого жатпасын айтышууда. Ошондой эле алар Орусия Ак үйгө сүрөтчү тууралуу так маалымат бербегенин белгилешүүдө. Орус тарап министр Лавровду жеке сүрөтчүсү коштоп жүрөрүн гана билдиришкен, маалыматта сүрөтчү ТАССта да иштээри айтылган эмес. Ошондуктан Ак үйдүн президенттик аппараты ТАССтын сайтынан Лавров менен Трамптын сүрөтүн гана эмес, президент Трамптын Орусия элчиси Сергей Кисляк менен кол алышып, жылмая түшкөн сүрөтүн да көрүп, таң калышкан. Сергей Кисляк АКШ президентинин кызматтан алынган коопсуздук боюнча кеңешчиси Майкл Флинн менен байланышы тууралуу маалыматтардан соң кеңири таанылган.