Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган күрт күчтөрүнө курал берүү боюнча АКШнын чечимин ката деп атап, тез арада өзгөртүлөрүнө үмүттөнөрүн билдирди.
10-майдагы маалымат жыйында Эрдоган Түркиянын өнөктөштөрү террордук уюмдарды эмес, Анкараны колдооруна ишенээрин кошумчалады.
Эрдоган бул маселени 16-майда Вашингтондо Дональд Трамп менен жолукканда көтөрмөй болууда.
10-майда АКШ президенти Сирияда “Ислам мамлекети” террор тобуна каршы күрөшкөн күрт аскерлерине курал-жарак жеткирүү планын колдогону расмий жарыяланган.
Курал алышы күтүлгөн “Сирия демократиялык күчтөрүнүн" курамында Сириядагы күрттөрдүн Элдик коргонуу кошууну бар. Ал Түркияда террордук уюм деп табылган.