Кыргызстан Иранга эт экспорттой баштады

Эки өлкөнүн соода-экономикалык кызматташуусунун алкагында, акыркы айда Иранга Кыргызстандан 120 тонна тоңдурулган эт жиберилген.

Бул 19-апрелде Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифтин катышуусу менен өткөн бизнес-форумда түзүлгөн келишимдердин алгачкы жетишкендиги катары бааланууда.

Экономика министрлигинин маалымдашынча, Кыргызстан менен Ирандын товар алмашуусу жылына 14,8 млн долларды түзөт. Ал эми акыркы беш жылда Ирандан келген инвестициялар 3 млн доллардан ашкан.

Өткөн жылдын аягында Кыргызстанга Ирандын президенти Хасан Роухани расмий визит менен келип кеткен.

Быйыл Кыргызстан менен Ирандын дипломатиялык кызматташтыгына 25 жыл болду.(ZKo)