Баткенде согуш ардагерине автоунаа белекке берилди

Баткен районунун Дара айыл өкмөтүнүн бюджетинен айылдагы согуштун жалгыз ардагерине "ВАЗ-2107" үлгүсүндөгү автоунаа тапшырылды. Бул тууралуу аталган айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Алтынбек Мисиралиев "Азаттык" радиосуна билдирди:

- Жеңиш күнүнүн урматына айыл аймагыбыздагы согуштун жалгыз ардагери Сайдилла Сейдакматовго жергиликтүү бюджеттен автоунаа белекке берилди. Андан тышкары 8-майда "Өлбөс полк" жүрүшү уюштурулуп, согуштун жана ооруктун ардагерлерине урмат-сый көрсөтүлдү.

8-майда Ак-Турпак айыл өкмөтүндө дагы бир согуштун катышуучусуна автоунаа тартууланды. Өткөн жумада Баткен шаарынын мэриясы да согуштун эки катышуучусуна автоунаа белек кылган.

1941-1945-жылдардагы Ата Мекендик согушка Баткен жергесинен 20 766 жоокер барган. Анын ичинде 14 213 аскер мекенине кайткан эмес. Тирүү кайтып келген 6553 жоокерден бүгүнкү күнү Баткен облусунда 32 ардагер калган. (JsA)