8-майда Социалисттик эмгек баатыры Керимбүбү Шопокованын 100 жылдыгына карата Шопоков шаарында эскерүү иш-чарасы өттү. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлашты. Маалыматка ылайык, иш-чарага согуш ардагерлери, шаар тургундары жана эмгек баатырынын жакындары катышты.
Иш-чарага катышкан мурдагы премьер-министр Темир Сариев эмгек согуш баатырларын эскерип туруу учурдагы муундун милдети экенин билдирди.
Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүлчамбар коюлду.
Керимбүбү Шопокова Ата Мекендик согушта Москва шаарын коргоодо курман болгон кыргызстандык жоокер, Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жары болгон.
Ал союздун тушунда кант кызылчасынан мол түшүм алуу боюнча бир нече жылдар бою социалисттик мелдештердин жеңүүчүсү болуп, кийинчерээк Социалисттик Эмгектин Баатыры наамын алган. Шопокова 2013-жылы дүйнөдөн кайткан.