Согуш ардагерлерине 15 миң сомдон берилүүдө

Улуу Жеңиш күнүнө карата ардагерлерге жылына бир жолу берилүүчү 15 миң сомдук акчалай жардам төлөндү. Бул тууралуу бүгүн Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен кабарлашты.

Мындан тышкары ардагерлерге ай сайын жеңилдиктердин ордуна деп 7 миң сом, президенттин атынан 10 миң сомдон берилет.

Министрликтин райондук жана шаардык бөлүмдөрүнө жалпысынан 42 миллион 900 миң сом которулду.

1941-1945-жылдардагы Экинчи дүйнөлүк согушта немистик фашисттерге каршы күрөшкө 365 миң кыргызстандык мобилизацияланган. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда бул согуштун ардагерлеринин жалпы саны 650нүн тегерегинде. Алардын пенсиясынын орточо өлчөму 7 миң сом. (RK)