Чоң-Алай: Балдар убактылуу чатырда окуйт

Чоң-Алайдын жер титирөөдөн жабыркаган айылдарында окуучулар үчүн чатыр мектептер уюштурулат. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Чатырлар 10-майга карата орнотулат, себеби бүгүн-эртең Кыргызстанда май майрамдарына байланыштуу эс алуу күндөрү болууда.

Чоң-Алай районунда 3-майдан бери түрдүү магнитудадагы 20га жакын жер титирөө катталды, алардын 8и төрт баллдан жогору болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, 8 турак үй толук жарактан чыгып, 529у авариялык абалга кептелди. Жергиликтүү оорукана, мечит менен үч орто мектеп жабыркады.

Билим жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жер титирөөдөн жабыркаган Кара-Тейит, Карамык, Жекенди жана Шибээ айылдарына барып келген. Ал абал менен жеринен таанышып, Шибээ айылында жаңы окуу жылына чейин жаңы мектеп куруларын, окуу процесси үзгүлтүккө учурабай турганын убада кылган. (RK)