Бишкекке Орусиянын эки расмий өкүлү келип кетти

Сергей Шойгу

Бишкекке Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу, андан кийин орус президентинин администрация башчысынын орун басары Сергей Кириенко келип кетишти.

Бул маалыматты "Азаттык" радиосуна бүгүн кыргыз президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Алмаз Үсөнов тастыктады:

- Кыргызстан менен Орусия стратегиялык өнөктөш мамлекеттер экени белгилүү. Ортодо ишке ашырылып жаткан, пландалган долбоорлор көп.

Орусиялык аткаминерлердин Кыргызстанга сапары жакынкы күндөрү болгону айтылууда, бирок датасы тууралуу так маалымат жок.

Сергей Кириенко.

5-майда президент Алмазбек Атамбаев Орусия башчысы Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, "ортодогу кызматташтыктын маанилүү маселелерин жана эки тараптуу өз ара аракеттердин келечегин" талкуулашкан болчу. (BkA)