Жер титирөөдөн турак жайы жабыркап, чатырда жашап жаткан адамдарга көмүр, ун, май жана башка азык-түлүктөр жеткириле баштады. Гуманитардык жардамдын алгачкы бөлүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Калмаматов менен Уланбек Примов 7-майда алып барган. Ошондой эле “Чоң-Алай” коому тарабынан да акчалай жардамдар берилгени кабарланды.
Чоң-Алай районунда 3-майдан бери түрдүү магнитудадагы 16 жер титирөө катталган, анын 8и төрт баллдан жогору болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, жалпысынан 993 турак жай текшерүүдөн өттү, анын 8и толук жарактан чыккан, 529 үй авариялык абалга кептелген жана 456 үй түрдүү оңдоого муктаж. Мындан тышкары жер титирөөдөн жергиликтүү оорукана, мечит менен орто мектеп да жабыркаган. Жабыркаган элге 510 чатыр тигилип, ага 3 миңге чукул адам жайгаштырылды. Учурда силкинүү келтирген чыгымдарды аныктоо иштери жүрүүдө.(YI)