Ле Пен Макронду жеңиши менен куттуктады

Марин Ле Пен

Францияда ашкере оңчул талапкер Марин Ле Пен жекшембидеги президенттик шайлоодо утулганын мойнуна алып, атаандашы борборчул талапкер Эммануэл Макронду куттуктады.

Ал шайлоонун алдын ала жыйынтыктары белгилүү болоору менен тарапкерлеринин алдына чыгып, өзүнө добуш бергендерге ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле шайлоо өнөктүгү маалында алга сүрөгөн идеялары үчүн күрөшө берерин айтты.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй, шайлоонун экинчи айлампасында Макрон добуштардын 65 пайыздан ашыгын, Ле Пен 34 пайыздан көбүн алды.