Бул тууралуу "Азаттыкка" №4 жол тейлөө башкармалыгынын жетекчиси Кудайкул Күчүков билдирди. Анын айтымында, Балыкчы-Корумду жолунун Тамчы аэропортунан Чолпон-Ата шаарына чейинки 78 чакырымы 15-июнга чейин толук бүткөрүлөт. Ал эми Тамчыдан Балыкчы шаарына чейинки 43 чакырым жолдогу көпүрөлөр толугу менен оңдолуп, үстүнө асфальт төшөлөт.
Буга чейин Балыкчы-Корумду жолуна 1 миллиард 589 миллион сом сарпталса, апрель, май айларына 94 миллион сом каралган.
Ысык-Көл боюндагы Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолунун курулушу 2015-жылы, мурдагы премьер-министр Темир Сариевдин тушунда башталган. Анын курулушу талаш-тартыш менен коштолуп, тендерде каржы булактары каралбай калганы айтылган. Каттамдын жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. (AsM)