Макрондун шайлоо штабынын электрондук почтасы талкаланды

Эммануэль Макрон

Бул тууралуу 5-майдын кечинде Франция президенттигине талапкер Эммануэл Макрондун өкүлдөрү билдиришти. Маалыматта шайлоо штабы колдонгон башка дагы байланыш каражаттары хакерлердин чабуулуна туш болгону айтылат. “Электрондук каракчылар” алып кеткен маалыматтар тууралуу ачык айтылган жок. Болгону туура маалыматтар жалган менен аралаштырылган деп айтылат.

5-май президенттик шайлоо үчүн үгүт жүргүзүүнүн акыркы күнү болду. 7-майга белгиленген шайлоонун экинчи турунда ашынган улутчул Марин Ле Пен менен борборчул Эммануэл Макрон ат салышат.

Буга чейинки дебаттарда Макрон регионалдык жаңжалдарды жөнгө салуу үчүн Орусия президенти Владимир Путин менен иштешүүгө аракеттенерин, бирок Франция менен Орусия “орток баалуулуктар менен приоритеттерди” бөлүшөрүнө ишенбесин билдирген. Ле Пен Москва менен жакындашуу саясатын жактайт, шайлоо кампаниясы маалында Орусияга барып, Владимир Путин баштаган бир катар саясатчылар менен жолуккан. (КЕ)