Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Азия өнүктүрүү банкы Токтогул ГЭСинин 3-фазасы үчүн 110 млн доллар өлчөмүндө каражат бөлөт. Анын 50 млн грант, 60 млн насыя түрүндө берилет.
Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү үч фазадан турат. Ушу тапта анын 1- жана 2-фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашууда. 3-фазада калган эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. Ал үчүн болжол менен 175 млн доллар көлөмүндө каражат талап кылынат.
4-майда Жогорку Кеӊеште "Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, "Фаза-3" долбоорун каржылоо боюнча макулдашуу каралган. Улуттук энергохолдингдин маалыматы боюнча, Токтогул ГЭСинин үч фазасы үчүн жалпысынан 487 млн доллар жумшалат.
Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген. Кубаттуулугу - 1200 МВт. Бүткүл өлкөнүн орточо иштеп чыгарган электрэнергиясынын 40 пайызы ага тийиштүү. Анын шаймандары жедеп эскирип калгандыктан, толугу менен алмаштырууга муктаж.(КЕ)