Ооган-пакистан чегиндеги атышууда өлгөндөрдүн саны он үчкө чыкты

Ооганстан-Пакистан чегиндеги "Чаман" өткөрмө бекети, 24-март, 2017-жыл.

Ооганстан менен Пакистандын чек арасындагы "Чаман" өткөрмө бекетинде, эки өлкөнүн коопсуздук күчтөрүнүн кагылышуусунан кеминде 13 адам окко учту, дагы 80ден ашуун киши жарадар болду.

Пакистандык дарыгерлердин ырастоосунда, атышууда алар тараптан тогуз жайкын тургундун өмүрү кыйылып, 45 киши жараат алды. Алардын он экиси балдар, алтоо күз түзүмдөрүнүн кызматкерлери.

Ооган тараптан болсо жергиликтүү медиа полиция башчысына шилтеме жасап, күч түзүмдөрүнүн төрт өкүлү мерт болуп, 14 полиция кызматкери, 23 жайкын тургун жараат алганын маалымдоодо.

Бүгүн таңда башталган атышуу үчүн эки тарап бири-бирин айыптоодо.

Пакистан армиясынын ырастоосунда, оболу Ооганстандын чек ара полициясы алардын эл каттоочуларды коштоп жүргөн аскерлерине карай ок чыгарышкан. Ал эми Ооганстандын Кандагар провинциясынын полиция башчысынын өкүлү чек арадагы атышуу үчүн Пакистан тарапты күнөөлөдү. Алардын пикиринде, Пакистан эл каттоону согушкерлердин Ооганстан аймагына кирип кетишине жардам берүү үчүн колдонуп жатат. (UE)